Улуттар уюму алдындагы комиссия Сирияда аскерий кылмыштарга барды деп шектелген жеке адамдар менен топтордун жаңы, толукталган тизмесин даярдады.
Тергөөчүлөрдүн БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши дайындаган көз карандысыз комиссиясы кечээ Женевадан жарыялагандай, аскерий кылмыштар үчүн Сириядагы жаңжалга тартылган эки тарап тең күнөлүү жана алар БУУнун Коопсуздук кеңешин жыйналган фактыларды Эл аралык Кылмыш сотунун кароосуна берүүгө чакырат. Комиссия ошондой эле Сирияда исламчыл согушкерлер бардыгын ырастады.
Kомиссия төрагасы, бразилиялык дипломат жана профессор Пауло Пинейро:
- Биз бул созулуп кеткен согуштун эң кооптондурган жана коркунучтуу жагы – ушул элементтердин (исламчыл согушкерлердин) болушу деп эсептейбиз. Анткени кээ бир учурларда алар Эркин Сирия армиясынын куралдуу топтору көздөгөндөй максаттар үчүн күрөшкөн жок. Алардын өз күн тартиби бар, алардан баарын күтүүгө болот. Андыктан биз бул коркунучка Адам укуктары боюнча кеңештин көңүлүн бурууну чечтик.
Активисттердин эсебинде, Сирияда мындан он сегиз ай мурун президент Башар ал-Асадын режимине каршы козголоң башталгандан бери кеминде 23 миңдей кишинин өмүрү кыйылды. (UE)