Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:14

Садыр Жапаров: Имаратты сатып алгам


“Бирөөнүн мүлкүн алдамчылык менен өткөрүп алган” деп шектелип жаткан “Ата-Журт” фракциясынын лидери Садыр Жапаров имаратты Элдар Мадылбековдон сатыл алганын айтууда.

Депутаттын билдиришинче, кылмыш ишинде “Бакиевдин имараты болчу” деп айтылып жаткан кеңсени 2010-жылы июлда Элдар Мадылбековдон 500 миң долларга сатып алган. Досунун атына жаздырып, насыя акчага алган имаратты ошол эле жылы сентябрь айында кайра сатып жиберген. Депутат жана анын адвокаты Шарапидин Токтосунов имаратты алып-сатуудагы бардык документтер бар экенине ишендирүүдө.

Садыр Жапаров Киев көчөсүндөгү аталган имараттын Бакиевдики экенин билген эмес жана Башкы прокуратура ага саясий негизде иш козгоду деп эсептейт. 18-сентябрда Башкы прокуратура Садыр Жапаровдун кол тийбестигин алуу тууралуу катын Жогорку Кеңешке жөнөттү.

“Апрель окуясынан кийин Бакиевдердин мүлкүн мыйзамсыз өткөрүп алган” деген шек менен 14-сентябрда депутат Туратбек Мадылбековдун уулу Элдар Мадылбеков камалган. 17-сентябрда Башкы прокуратура Садыр Жапаровго ошол кылмышка тиешеси бар деп иш козгогонун билдирди. (AKu)

XS
SM
MD
LG