Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:58

Орус президенти Казакстанга келет

Владимир Путиндин президент катары Казакстандагы бул жолку сапары Павлодар шаарында болот.

Ал жерде казак жана орус президенттеринин сүйлөшүүлөрүнөн тышкары эки  өлкөнүн региондор аралык кызматташтыгына арналган 9-форум өтөт.

Эки тарап мындай иш-чараны 2003-жылдан бери уюштуруп жүрөт.

Казакстандан соң орус президенти расмий сапар менен эртең Кыргызстанга келери күтүлүүдө.

Бишкектеги сүйлөшүүлөрдүн соңунан кыргыз жана орус өкмөттөрү Жогорку Нарын жана Камбар Ата -1 ГЭСтерин биргелешип куруу жана аскерий чөйрөдөгү кызматташтык боюнча келишимдерге кол койору белгиленген. (UE)
XS
SM
MD
LG