Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:19

Грузиянын жаза аткаруу министри кызматынан кетти


Грузиянын жаза аткаруу, көзөмөл жана юридикалык жардам министри Хатуна Калмахелидзе кызматынан кетти. Бир күн мурда оппозициялык телеканалдар баш калаадагы номур 8-абактын кызматкерлери ал жерде отургандарга ыдык көргөзүп жатышканын көрсөткөн. Кадрлар жашыруун камера менен тартылган. Президент Михаил Саакашвили түрмөдө болгон кыйноолор үчүн жооптуу адамдар жазаланат деп убада кылды.

Кыйноолор качан болгону белгисиз, бирок Ички иштер министрлиги сөз болгон абактын 3 жетекчиси камакка алынганын билдирди. Өкмөт ал тасма оппозиция лидери, миллиардер Бидзина Иванишвилиге жакын адам, түрмөдө отурган Тамаз Тамазашвилинин буйрутмасы менен атайлап тартылган деп ырастоодо.

Полициянын маалыматына караганда, түрмө жетекчилеринин биринин иш кеңсесинде 17 миң доллар жана видео тартуучу жабдыктар табылган. Грузияда парламенттик шайлоо 1-октябрда болот.

XS
SM
MD
LG