Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:16

Франция дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн коопсуздугун күчөтөт


Француз тышкы иштер министрлиги өлкөнүн дүйнөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө коопсуздук чараларын күчөтүүнү сатиралык журнал Мухаммед пайгамбардын карикатураларын жарыялаган соң буйруду. Карикатуралардын жарыяланышы кыянатчылыктарды жаратуусу ыктымалдуулугунан улам 20дай өлкөдө француз элчиликтери менен дипломатиялык мектептери азыркыга чейин эле жабылып коюлду.

Парижде чыгуучу “Шарли Эбдо" (Charlie Hebdo) сатиралык журналы Мухаммед пайгамбардын карикатураларын кечээги санында баскан.

Буга байланыштуу нааразылыгын Франциядагы мусулман жамаатынын лидерлери өлкөнүн ички иштер министри менен жолугушууда билдиришти.

Анын алдында өлкөнүн премьер-министри Жан Марк Эро буларды айткан:

- Биз мыйзам башкарган өлкөбүз. Бизде сөз эркиндиги, эркин пресса бар. Алар ой-пикирин карикатура менен билдире алышат. Бирок бул жерде жоопкерчилик маселеси да бар.

Мухаммед пайгамбардын карикатуралардын жарыяланышы “Бейкүнөө мусулмандар” деген ат менен АКШда жеке адамдар тарабынан даярдалган тасма мусулман дүйнөсүндө нааразылык толкунун жараткан учурга туш келди.

Францияда Батыш Европадагы эң ири мусулман жамааты жашайт. (UE)

XS
SM
MD
LG