Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:40

Грузияда ички иштер министри кызматынан чегинди


Бачо Ахалая
Бачо Ахалая
Грузин ички иштер министри кызматтан түрмө сакчылары абактагыларды кордоп жаткан учур тартылган видеолор шардана болгондон кийин кетүүдө.

Бачо Ахалая өз билдирүүсүндө түрмөлөрдө кыйноону түп тамырынан бери жойо албаганы үчүн “моралдык жана саясий жоопкерчилиги” бардыгын айтат.

Үрөй учурган видеолорду оппозициячыл телеканал парламенттик шайлоону утурлай көргөзгөн соң Тбилисиде жана башка шаарлада көчөгө чыккан демонстранттар ички иштер министринин, башкы прокурордун да кызматтан кетишин талап кылышкан эле.

Видеого байланыштуу буга чейин түрмөлөр ишин тейлеген министр кызматынан чегинген. Президент Михаил Саакашвили кечээ бул кызматка өлкөнүн акыйкатчысын дайындады.

1-октябрдагы парламенттик шайлоодо президент Саакашвилинин башкаруучу партиясы бийликке келген 2003-жылдан бери оппозициянын эң катуу атаандаштыгына туш болору күтүлүүдө.

Аларга миллиардер Бидзина Иванишвилинин “Грузия кыялы” деп аталган оппозициячыл кыймылы каршы чыгууда. (UE)

XS
SM
MD
LG