Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Апрель, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 17:01

Ош: Спорт клуб жайгашкан имараттан ок атуучу курал табылды


Ош шаарынын Гапар Айтиев көчөсүндө жайгашкан спорт клубунда мыйзамсыз сакталып жаткан ТОЗ маркасындагы 14 даана ок атуучу курал табылды. Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков “Азаттыкка” билдиргендей, куралды милиция кечээ тапты. Алар мурдагы ДОСААФ уюмунун балансында экени жөнүндө маалыматтар бар, бирок мындай куралды сактап жүргөн жаран эч кандай документ көрсөтө алган эмес. Иликтөө башталды. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG