Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:27

Сузакта эмдөөдөн кийин өлгөн малдын саны 700дөн ашты


Жалал-Абаддын Сузак районунда чечек оорусуна каршы эмделген койдун арасынан 716сы өлдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов кабарлады.

Анын айтымында, 8-сентябрда жеке чарба ээлери койлорун чечек оорусуна каршы алдын ала эмдөөдөн өткөргөндөн кийин, 14-сентябрда эмделген койлор массалык түрдө өлө баштаган.

Бүгүнкү күндө Кыз-Көл айыл аймагында 41 баш, Кара-Дарыя айыл аймагында 343 баш, Көк-Арт айыл аймагында 261 баш, Кызыл-Туу айыл аймагында 71 баш кой өлдү. Жалпы 716”, – дейт Бекилов.

Вакцина сатылып алынган ветеринардык дарыкананын ээси Т. Ташполотов аттуу жаран экени, ал чечек вакцинасын белгисиз бирөөлөрдөн сатып алганы кабарланууда.

Жалал-Абад облустук жана Сузак райондук диагностикалык борбордо өлгөн койлордон алынган патологиялык материалдар текшерилгенде эч кандай жугуштуу оору аныкталган жок. Азыркы учурда ветеринардык кызматтын адистери тарабынан аталган аймактар көзөмөлгө алынып, койлорго ветеринардык жардам көрсөтүлүп, койлор турган, союлган жана өлүктөрү көмүлгөн жерлер дезинфекциядан өткөрүлүп жатат.

Облустук ветеринардык башкармалыктын жетекчиси Жумабек Аскаровдун "Азаттыкка" айтымында, эмдөөдөн өткөн койдун жалпы саны 1960.

Бул тууралуу бүгүн парламентте да сөз болду. Депутат Өмүрбек Текебаев сапатсыз вакцина саткан адам качып кеткенин айтты. (RK)

XS
SM
MD
LG