Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:57

Кыргыз-тажик чек арасындагы кызматташтык талкууланды


Кыргызстандын Баткен облусу менен Тажикстандын Согди облусунун жетекчилигинин ортосунда кызматташтык боюнча сүйлөшүү болуп өттү. Өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Кубатбек Айбашовдун "Азаттыкка" айтымында, Ысык-Көл жээгинде өткөн жолугушууга кыргыз тараптан Лейлек, Баткен жана тажик тараптан Исфара, Расулов, Спитамен, Гафуров райондорунун жетекчилери, чек ара, милиция башчылары катышты. Эки тараптуу мамилелердин азыркы абалы талкууланып, келерки беш жылга план түзүү чечими кабыл алынды.

Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда катталган тирешүүлөр саны быйыл төрт эсе кыскарганын, буга жергиликтүү бийликтеринин биргелешкен аракети түрткү болуп жатканын жакында өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн укук коргоо жана коргонуу боюнча орун басары Саитжан Эратов билдирдген. (RK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG