Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:26

Ошто үйлөрдү тоноду делген топ кармалды


Ош шаарындагы Ак-Тилек, Анар жана Черемушки кичи райондорундагы айрым үйлөрдү тоноого шектүү делген эки жаран кармалды.

Өзгөн районунун 25 жана 28 жаштагы эки тургуну Ак-Тилек кичи районундагы үйлөрдүн биринен 60 миң сомдук буюм уурдап жаткан учурда шаар милициясынын кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Ош милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө алардан шаардагы 13 үйдөн тонолгон буюмдар табылды. Алардын арасында түрдүү турмуш-тиричилик каражаттары жана алтын буюмдар бар. Колго түшкөндөрдүн үстүнөн кылмыш иш козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG