Линктер

ишемби, 21-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:38

Зомбулукка каршы футбол мелдеши уланууда


22-сентябрда Бишкекте “Замандаш” партиясынын эркектерден куралган командасы жана “Абдыш-Ата” аялдар командасы футбол боюнча мелдешип жатышат.

Аялдарга карата зомбулукка каршы футбол оюндарын Бириккен улуттар уюмунун өкүлдөрү, “Замандаш” партиясы, “Сезим” кризистик борбору жана футбол федерациясы уюштуруп келатат.

Ушул жылдын октябрь айында Мексикада аялдардын көчө футболу боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Ага Кыргызстандын кыздар командасы да барары пландалып жатат. (MiT/AKu)

XS
SM
MD
LG