Ишемби күнү Беларус дагы эки швед журналистин парламенттик шайлоону чагылдырууга киргизбей койду. Бул тууралуу беларус укук коргоочусу Валентин Стефанович жарыялаган. Беларустун Тышкы иштер министрлигинен бул журналисттерге аккредитация аба майданына келгенде берилерин айтышкан. Бирок аларга ишемби күнү өлкөдөн кетүү сунушу айтылган. Мурдараак Москвадагы Беларус элчилиги парлменттик шайлоого аккредитациясы бар дагы эки швед журналистине виза бербей койгону кабарланган.
Беларуста бүгүн парламенттик шайлоо өтүп жатат. Анда төмөнкү палатанын өкүлдөрү – Улуттук жыйын шайланат. 110 орунга 290 адам ат салышууда. Алардын көбү азыркы бийликти колдогон партия өкүлдөрү. Оппозициялык партиялардан 26 талапкер катышууда. (AKu)