Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:02

“Бир дүйнө - Кыргызстан" кинофестивалы башталды


Эл аралык фестивалдын Кыргызстандагы уюштуруучусу - “Жарандар коррупцияга каршы” коомдук фондунан билдиришкендей, быйылкы фестивалда дүйнөнүн 12 өлкөсүнөн 32 тасма көрсөтүлөт.

Тасмалар аялдар жана балдар укуктары, коррупция, экологиялык коопсуздук көйгөйлөрүнө арналган.

Алтынчы ирет өтүп жаткан фестивал алкагында адам укугу, коррупция маселелерин талкуулаган тегерек стол, сүрөт көргөзмөлөр да уюштурулат. "Азаттыктын" азыр фестивалга катышып жаткан кабарчылары форумга Австрия, АКШ, Улуу Британия, Бразилия, Голландия баш болгон өлкөлөрдөн 16 режиссер, 30дан ашуун эксперт катышып жатканын билдиришти.

Фестивал 28-сентябрга чейин Бишкекте , 2-октябрдан тарта Кыргызстандын башка аймактарында, андан ары Тажикстанда уланат. Фестивалдын ачылышы аземинде "Азаттыктын" кабарчысы Аида Касымалиеванын “Москвада калган ый” тасмасы көрсөтүлөт.(BkA)

XS
SM
MD
LG