Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:53

Пакистан өкмөтү министрдин сөзүнө кошулбайт


Пакистандын өкмөт башчысы темир жол министри Гулям Ахмед Билурдун сөздөрү “өкмөттүн саясатын чагылдырбайт” деген билдирүү жасады. Министр “Бейкүнөө мусулмандар” деген чуулгандуу фильмдин авторунун башына 100 миң доллар байге саярын айткан. Премьер-министр Ража Первез Ашрафтын басма сөз өкүлү Шафкат Жалилдин айтымында, өкмөт ал билдирүүдөн “өзүн оолак кармайт”. Билур андан сырткары Талибан жана Ал-Кайидага кайрылып, алар режиссердун көзүн тазалоону өздөрүнүн “ыйык иши” катары кароого тийиш деп үндөгөн. Мүмкүнчүлүк түзүлсө, фильмди тарткандарды өз колу менен өлтүрөт элем, - деди ал. Интернетте пайда болгон тасмага каршы нааразылык учурунда Пакистанда 2 жумада 23төй киши каза болду.

XS
SM
MD
LG