Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:21

Брахими Сирияда тополоң жакын арада токтооруна ишенбейт


БУУ жана Араб лигасынын Сирия боюнча атайын өкүлү Лахдар Брахими дүйшөмбү күнү Сириядагы кан төгүүнүн жакын арада бүтөөрүнө көзү жетпей турганын билдирди.

Ал мындай пикирин Улуттар Уюмунун коргоо кеңешинде Дамаскиге болгон сапарынын жыйынтыгы тууралу сөз сүйлөгөн соң журналисттерге берген интервьюсунда айтты. Брахими Сирияда Башар Асад баш болгон өлкө жетекчилери менен жолуккан. Дипломаттын айтымында, жолугушууларда абалды тезинен жөнгө салуу жөнүндө сөз болгону менен азыркы тапта согуштук абалдан кантип чыгуу жөнүндө атайын план жок.

Брахими менен жолугушууда Сирия жетекчилери чатакты “тышкы кутум” катары баалашарын билдирген. Алардын эсебинде, өлкөдө 5000ге жакын чет элдик жалданма жоочулар согушуп жүрөт.

Брахиминин айтымында, Сириядагы кырдаал азык-түлүк каатчылыгынан да курчуп жатат. БУУнун эсеби боюнча, бир жарым миллион сириялык чукул гуманитардык жардамга муктаж.

XS
SM
MD
LG