Бишкекте “Бейкүнөө мусулмандар” тасмасына наарызылык билдирип чыккан жарандардын кайрылуусун АКШнын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Дэвид Макорник кабыл алды. “Азаттыктын” кабарчысы жеринен кабарлагандай, элчиликтин өкүлү кайрылуу каралгандан кийин ал боюнча жооп берилерин билдирди. Митингге чогулган жүз чамалуу жаран ушул тапта тарап жатат. Элчиликтин алдындагы коопсуздукту кеминде 200дөй милиция кызматкери камсыз кылып турат.
Депутат Турсунбай Бакир уулу, Дүйшөн ажы Абдылдаев баштаган топ АКШдан исламга акараат келтирет делген тасманын авторун жазалоону, мыйзамдарды күчөтүүнү талап кылууда. (KKs)
Депутат Турсунбай Бакир уулу, Дүйшөн ажы Абдылдаев баштаган топ АКШдан исламга акараат келтирет делген тасманын авторун жазалоону, мыйзамдарды күчөтүүнү талап кылууда. (KKs)