Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:49

Ооганстанда кызды балактаган аксакалдар камакка алынды


Ооганстандын Газни провинциясында 16 жаштагы кызды никесиз катнашка барганы үчүн жүз ирет балак (камчы, таяк же чыбык менен сабоо) алган бир нече киши камакка алынды. Буга чейин маалымат каражаттары кызды балактоо чечимин жергиликтүү молдо чыгарганын жазып чыгышкан эле, бирок азыр полиция уруу аксакалдарын жоопкерчиликке тартканы турат.

Кыз өзү буга чейин жазадан куткаруу өтүнүчү менен полицияга кайрылганын, бирок алар бул ишке аралашпай койгону айтылууда.

XS
SM
MD
LG