Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:13

Орусия Pussy Riot тобунун сыйлыкка көрсөтүлүшүн сындады


Ырчылар Надежда Толоконникова, Екатерина Самуцевич жана Мария Алёхина сотто. 17-август, 2012-жыл.
Ырчылар Надежда Толоконникова, Екатерина Самуцевич жана Мария Алёхина сотто. 17-август, 2012-жыл.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Европарламент камактагы үч ырчыны Сахаров сыйлыгына көрсөтүү менен Орусиянын ички иштерине кийлигишүүдө.

Pussy Riot тобунун үч ырчысы Москванын борбордук чиркөөсүндө быйыл кышта өткөргөн акциясы үчүн өткөн айда эки жылдан түрмөгө кесилишкен.

Ырчылар ал акциясы аркылуу Путиндин президенттикке кайра келишине нааразылык билдирүүнү көздөгөнүн айтышкан.

Европарламенттин Сахаров сыйлыгына көрсөтүлгөн беш талапкердин жеңүүчүсү 26-октябрда жарыяланат.

Сыйлык советтик диссидент Андрей Сахаровдун ысымы менен 1988-жылы негизделген. (UE)

XS
SM
MD
LG