Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:45

Грецияда 24 сааттык жалпы улуттук иш таштоо башталды


Эки ири кесиптик кошуун уюштуруп жаткан акция өкмөттүн үнөмдөө чараларына каршы багытталган. Өлкө аймагы боюнча темир жол, кеме, автобус, учак каттамдары токтоп турат, мектеп, оорукана, башка коомдук тейлөөчү жайлар жабык. 200 миңдей киши Афиныда демонстрацияга чыгышты. Шаар көчөлөрүн миңдеген полициячы кайтарууда.

Европа биримдиги жана Эл аралык валюта фондунун кезектеги жардамын алуу үчүн Греция өкмөтү бюджетти үнөмдөө чараларын көрүүгө тийиш. Бирок терең кризиске баткан өлкөдө ансыз да жумушсуздардын, жакырчылыкка баткан адамдардын саны күндөн күнгө өсүүдө.

Грецияны банкроттуктан куткарып, бирдиктүү валюта – еврону сактап калыш үчүн эл аралык финансы институттары 2010-жылдын май айынан бери грек өкмөтүнө 230 миллиард евро берди.

XS
SM
MD
LG