Грециянын борбору Афиныда өкмөттүн мамлекеттик бюджетти үнөмдөө программасына каршы чыккан демонстранттар менен полиция кагылыша кетти. Тартип коргоочуларды таш бараңга алган демонстранттарга полиция жаш агызуучу газ менен жооп кайтарган. 50 миңдей киши парламент имаратына көздөй жүрүш жасашты. Кесиптик кошуундар 24 саттык иш таштоо уюштуруп, темир жол, кеме, автобус, учак каттамдары токтоп, мектеп, оорукана, башка коомдук тейлөөчү жайлар жабык турат.
Бүгүн айтылуу Акрополь музейине барып, бирок иш таштоодон улам ага кире албай калган туристтердин бири мындай дейт:
- Грециядагы азыркы кырдаалды эске алганда, туристтик жайларды жабуу акылдуу чечим болду деп айта албайм. Экономиканын өнүгүшү үчүн туристтик жайлар, туристтер керек.
Европа Биримдиги жана Эл аралык валюта фондунун кезектеги жардамын алуу үчүн Греция өкмөтү бюджетти үнөмдөө чараларын көрүүгө тийиш. Бирок терең кризиске баткан өлкөдө ансыз да жумушсуздардын, жакырчылыкка баткан адамдардын саны күндөн күнгө өсүүдө. Грецияны банкроттуктан куткарып, биридиктүү валюта – еврону сактап калыш үчүн эл аралык финансы институттары 2010-жылдын май айынан бери грек өкмөтүнө 230 миллиард евро берди.