Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:06

ИИМдин бир жетекчисинин эки жарандыгы бар экени аныкталды


Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук башкармалыгынын жетекчи орун басары Жекшен Кулманбетовдун эки жарандыгы бар экени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Кулманбетов кайсы өлкөнүн жарандыгын алганы ачык айтылган жок. Бул боюнча Ички иштер министрлигине мыйзам бузууну жөнгө салуу тапшырмасы берилди. Министрликтин басма сөз кызматы Башкы прокуратуранын маалыматы текшерилип жатканын, ал боюнча кийинчерээк маалымат берилерин “Азаттыкка” кабарлады.

Башкы прокуратура эки жарандыгы бар тартип коргоо кызматкерлерин аныктоо иши уланып жатканын билдирүүдө. Буга чейин Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын жана Улуттук коопсуздук комитетинин Нарындагы башкармалыгынын мурдагы жетекчилери эки жарандык алганы аныкталган. (KKs)

XS
SM
MD
LG