Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:23

“Мен кумса жана мусулманмын” тасмасы интернетте да чектелет


Башкы прокуратура Мамлекеттик байланыш агенттигине “Мен кумса жана мусулманмын” даректүү тасмасынын таркалышын алдын алуу жана интернетте тасмага бөгөт коюу тапшырмасын берди. Бул тууралуу башкы көзөмөл органдын басма сөз кызматы билдирүүдө. Мындай чара диндер арасында касташууну алдын алуу максатында киргизилди. Буга чейин Бишкектеги Биринчи май райондук соту даректүү тасманы “Бир дүйнө” фестивалында көрсөтүүгө тыюу салып, чечимдин аткарылышын көзөмөлдөөнү Улуттук коопсуздук комитетине тапшырган.

Фестивалдын директору Төлөкан Исмаилова соттун чечимин негизсиз деп баалап, бирок ал чечимди аткарууга аргасыз болушканын билдирди. (KKs)

XS
SM
MD
LG