Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:51

Сүрөт көргөзмөлөрү өтүп жатат


Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинде Польшадан келген жана кыргызстандык сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү өтүп жатат. Көргөзмө «Кыргызстан польшалык жана кыргызстандык сүрөтчүлөрдүн көзү менен» деп аталат. Иш-чара эки мамлекеттин дипломатиялык карым-катышынын 20 жылдык мааракесине арналып уюштурулган.

Ушул эле музейде 2-октябрь күнү жергиликтүү сүрөтчү, «Кыргызстан сүрөтчүлөр союзунун» мүчөсү Үсөн Сарыбаевдин чыгармаларынын көргөзмөсү ачылат. Музейден маалымдашкандай, анда автордун 30 жылдык чыгармачыл отчету көрүүчүлөрдүн сынына тартууланат. Көргөзмөгө Үсөн Сарыбаевдин кыл калеминен жаралган 180 эмгеги коюлары кабарланууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG