Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:22

Абды Сүйөркуловдун 100 жылдыгы белгиленет


Белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмер Абды Сүйөркуловдун 100 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу "Азаттыкка" Абды Сүйөркулов атындагы коомдук фонддон кабарлашты.

Ат оюндары менен коштолгон мааракелик иш-чаралар 12-13-октябрда Токтогул районунда өтөт. Салтанаттуу жыйынга өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиевдин катышуусу пландалды.

Ал эми ушул аптада Бишкектеги тарых музейинде Сүйөркуловдун өмүрү жана басып өткөн жолуна арналган сүрөт, китеп көргөзмө ачылып, илимий конференция уюштурулат.

Абды Сүйөркулов 1949-жылы Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин 2-катчысы болуп дайындалган. Ошол эле учурда Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты кезинде 1947-50-жылдарда бир эле учурда Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагасы болуп турган. Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы, бир эле учурда (1950-62-жылдары) СССР Жогорку Советинин депутаты да болгон. 1958-жылы КПСС Борбордук Комитетине караштуу кадрларды кайра даярдоо курсунан өтүп келип, 1959-жылдан тарта 10 жыл бою Кыргыз ССРнин соода министри болуп иштеген. 1992-жылы 80 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. (RK)

XS
SM
MD
LG