Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:11

Иракта үстөккө-босток чабуулдардан 32 адам өлдү


Ирактын шаар-кыштактарында жекшемби күнү катар-катар болгон чабуулдарда бери дегенде 32 кишинин каны төгүлдү. 100дөн ашуун адам жараат алды. Полициянын маалымдашынча, бутага негизинен шиит мусулмандары жана коопсуздук кызматтары алынган. Бомба чабуулдарынын көбү Багдадда жана ага ныпталаш райондордо болду. Эң чоң алаамат Тажи аймагында болду: үч башка жерде үч машине жарылып, сегиз киши набыт кетти. 30-сентябрдагы кол салууларды ким уюштурганы белгисиз. Бирок, автомобилге бомба коюп жардыруу - “ал-Каиданын” Ирактык бөлүмүнүн “сүйгөн оюну”.

XS
SM
MD
LG