Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:52

"Бейкүнөө мусулмандар" тасмасынын режиссерунун башы 200 миң долларга бааланды


Пакистан парламентинин мурдагы мүчөсү мусулман дүйнөсүн толкуткан антисламчыл “Бейкүнөө мусулмандар” тасмасын тарткан адамдын башы үчүн 200 миң доллар байге сайды. Икматулла Шахид кунпул жөнүндө Пешавар шаарында 15 миң адам чогулган жайда жарыялады.

Бул жыйынды радикалдуу исламчылардын Дифа-е-Пакистан кеңеши уюму уюштурду. Бир нече күн илгери Пакистандын мурдагы темир жол министри да Мухаммед пайгамбарды кемсинткен тасманын режиссерунун башы үчүн 100 миң доллар байге убада кылган.

АКШда тартылган фильмге байланыштуу Пакистанда чыккан толкундоолордо 23 адам набыт болду. Тасманы тартты деп шектелген Накула Бассели Накула сот өкүмүн бузуп, интернетти пайдаланганы үчүн азыр абакта отурат.

XS
SM
MD
LG