Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:03

Премьер-министр: Кумтөр мамлекет менчигине алынбайт


Мындай бүтүмүн өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев кечээ Кумтөр алтын кенин казып жаткан ишкананын иши менен таанышкандан кийин айтты. Ал эми айрым маселелерди чогуу отуруп чечүү зарылдыгын белгилеп, алтын өндүрүшүн токтотпоону ишкана башчылыгынан суранды. Сатыбалдиев кыргыз өкмөтү сырттан келген инвесторлорду колдоого кепилдик берүүгө даяр экенин айтып, эгер кимдир-бирөө эрежелерди бузса, жазаланарын эскертти.

Кыргызстандын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев кечээ Ысык-Көл облусун кыдырып, анын ичинде Кумтөр алтын кенинин иши менен таанышкан. Өкмөт башчы бүгүн Каракол шаарына барат, сапар учурунда ал облустук активдер менен бирге эле жергиликтүү тургундарга да жолугары кабарланууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG