Линктер

жекшемби, 25-июнь, 2017 Бишкек убактысы 04:43

Тышкы миграция: Түндүк аймактык башкармалык убактылуу жабылды


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Тышкы миграция департаментине караштуу түндүк аймактык башкармалыгы убактылуу жабылды. Анын милдетин департаменттин аппараты аткарып турат. Жакын арада аталган мекемеде иштегендердин баары аттестациядан өткөрүлөт, жетекчисинин кармалышына байланыштуу ички иликтөө башталды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлайт.

Кечээ Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери Тышкы миграция департаментине караштуу түндүк аймактык башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучуну 750 доллар пара талап кылып жаткан жеринен кармаганы кабарланган. (BkA/RK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG