Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:52

Саакашвили шайлоодо оппозиция жеңгенин мойнуна алды


Грузин оппозициясынын тарапкерлери жеңишти алдын ала эле майрамдап киришти.
Грузин оппозициясынын тарапкерлери жеңишти алдын ала эле майрамдап киришти.
“Оппозициялык “Грузин кыялы” партиясы көпчүлүк добушка ээ болгону таңкалыштуу”, - деди президент Михаил Саакашвили жергиликтүү телеканалда сүйлөп жатып. Саакашвили муну менен мындан ары азыр башкаруучу Бириккен улуттук кыймыл партиясы оппозицияга өтөөрүн да жарыялады.

Грузияда дүйшөмбү күнкү парламенттик шайлоонун жыйынтыгы толук чыга элек, бирок азырынча шайлоочулардын 25% добушу саналып бүттү. Анда ири ишкер, миллиардер Бидзина Иванишвили жетектеген оппозициялык “Грузин кыялы” партиясы 53,19% добушка ээ болду. Шайлоодо оппозициялык партия лидерлик кылганын президент Саакашвили мойнуна алды. Оппозиция лидери Иванишвили тарапкерлерин жеңиши менен куттуктап, бийлик мыйзамдуу жол менен оппозициянын колуна өткөнүн билдирди.

XS
SM
MD
LG