Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:40

Нигерияда бир киши 20 студентти атып салды


Нигериянын түндүк-чыгышындагы Муби шаарында куралчан адам студенттик жатаканага кирип барып ок чыгарган. Азырынча ким экени белгисиз кылмышкер ар бир студенттин атын сурап, тандап өлтүргөн. Би-Би-Си радиосуна дагы бир булак набыт болгон студенттердин саны кыркка жетти деп кабарлаган, бирок бул маалыматты расмийлер ачыктай элек.

Бул кандуу окуя Муби шаарында бир нече күн мурда атайын кызматтар “Боко Харам” исламий радикал уюмунун жоочуларына каршы операция өткөргөндөн кийин болуп отурат. Бирок экстремисттер бул окуяга тиешеси бар-жогун билдире элек.

XS
SM
MD
LG