Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:37

Жараат алгандар боюнча маалымат такталды


Бүгүн Бишкекте парламент алдында окуяда жараат алгандар боюнча такталган маалымат чыкты. Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий билдирүүсү боюнча, жараат алып ооруканага кайрылгандардын саны жети адам. Алардын төртөө Травматология жана ортопедия борборуна түшкөн. Бул медициналык мекемеге кайралган төрт адамдын бирөө аял. Ал сынык тийгенден буту жабыркаганы айтылууда. Сынык үн чыгаруучу гранатаныкы болушу мүмкүн экени айтылууда. Ооруканага жатуудан баш тартты. Ал эми калган үчөө - милиция кызматкерлери. Денеси тытылып, көк-ала болгондор. Баарына тең биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин коё берилген.

Дагы эки милиционер Улуттук госпиталда. Алардын мээси чайкалган болушу мүмкүн.

Ал эми кош бойлуу бир аял жыгылып, азыр Эне-баланын саламаттыгын коргоо борборунун төрөт үйүндө. (RK)

XS
SM
MD
LG