Сербиянын ички иштер министрлиги Белградда ушул ишембиге өткөрүлүшү пландалган кумсалардын парадына тыйуу салды. Министрлик кечээги билдирүүсүндө ал парадга каршы улутчулдар даярдап жаткан акцияларга да тыйуу салынганын кошумчалады. Полиция чечимин коопсуздукту камсыз кылуу мүдөөсү менен түшүндүрдү. Гей-параддын уюштуруучуларынын бири Горан Милетич “Азаттыкка” сүйлөп жатып, полициянын чечимин айыптады.
Мурдараак Сербиянын ортодокс чиркөөсү бийликтерге кайрылып, аларды парадга тыйуу салууга чакырган, анткени “бул сербдердин салтына туура келбей турганын” айткан. Эки жыл мурда Белградда кумсалардын парадында улутчулдар аларга кол салып, тополоң чыккан эле. Быйыл бийликтер анын алдын алууну чечишкенин айтышты.