Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:22

“Ата Мекен” Бабановго таандык ишканаларды текшерүүгө чакырды


Анда партия экс-премьер министр, “Республика” партиясынын төрагасы Өмүрбек Бабановго тиешелүү делген НТС телеканалынын жетекчилигинин жана “Манас Интернэшнл сервис” ишканасынын салык төлөө системасынын мыйзамдуулугун карап чыгууну сураган. “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча НТС телеканалынын жетекчилери өтө тездик менен алмашып жатканы шек туудурат. “Манас Интернэшнл сервис” ишканасы төлөбөй келе жаткан салыктын суммасы 1 млн. 340 миң сомго жеткен, эгер муну каржылык санкциялар менен кошо санасак 1,5 млрд. сом болот" дейт Өмүрбек Текебаев. "Ата Мекен" партиясынын лидери УКМК алдындагы коррупцияга каршы кызмат Бабанов “Кыргызстан” банкын сатып алууга жумшаган 20 млн. доллардын кайдан келип чыкканын да иликтөөгө тийиш, ал эми ошол 20 млн. доллардан эмне үчүн салык төлөнбөгөнүн иликтөө мамлекеттик салык кызматынын милдети деп эсептейт.
2011-жылкы документтерге ылайык НТС телеканалы “Транс Медиа” ишканасына таандык, ал эми “Кыргызстан” банкын сатып алууга жумшалган 20 млн. доллар апасынын оффшордук аймактан аласасы экенин Өмүрбек Бабанов билдирген эле.(ZKo)

XS
SM
MD
LG