Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:35

Атамбаев: Мыйзам бузгандар жазаланууга тийиш


Мындай сөзүн мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 4-октябрда күч кызматтары менен кеңешмеде айтты. Президент 3-октябрь күнү Ала-Тоо аянтында Кумтөргө байланыштуу митинг уюштуруп, андан кийин Ак үйдү басып алууга аракет кылгандар мыйзам боюнча жооп бериши керек деп баса белгиледи. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

КР президенти Атамбаев өткөн апта соңунда кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн алып, Түркияга кеткен эле. Мамлекет башчы Кыргызстанга кечээ кайтып келди.
3-октябрда Ала Тоо аянтында Кумтөр алтын кенине байланыштуу митинг болуп, аягы Ак үйгө чабуул менен аяктаган. Буга байланыштуу ЖКдагы “Ата Журт” фракциясынын мүчөлөрү Камчыбек Ташиевге, Садыр Жапаровго жана Талант Мамытовго “Конституциялык бийликти кулатууга аракет жасаган”, “Бийликти басып алууга чакырык жасаган” деген айыптар тагылып, 4-октябрь күнү УКМКнын тергөө абагына камалган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG