Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:55

Түптө митинг өтүүдө


Ушу тапта Ысык-Көл облусунун Түп районунда 50 чакты киши катышкан митинг өтүүдө. Кабарчыбыздын айтымында, райондук акимчиликтин алдына чыккандардын көбү - депутат Садыр Жапаровдун туугандары. Жапаровдун атасы да митингге катышууда.

Нааразылык акциясынын катышуучулары депутаттын камактан чыгарылышын жана Кумтөр алтын кени боюнча макулдашуу кайра каралышын талап кылып жатат.

Митингчилерге район жетекчилиги жана прокуратуранын өкүлдөрү чыкты. Тергөө жүрүп жатканын маалымдап, баардыгы мыйзам талабына жараша болоорун айтышты.

Митингге чыккандар алардын талабы аткарылмайынча тарабай турганын билдирүүдө. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG