Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:13

Тосулган Бишкек-Ош жолу ачылды


5-октябрда кечик саат жетилерде Бишкек-Ош жолун тоскондор 6-октябрда эртең менен саат алтыда ачышты. Жалал-Абадда жол тоскондор камактагы “Ата-Журт” фракциясынын үч депутаты бошотулмайын жол тосула берээрин билдиришти.

Депутаттардын Жалал-Абаддагы тарапкерлери Сузак районуна караштуу Боз-Чычкан участкасында Бишкек - Ош жолун тосушкан болчу. Облустук жол коопсуздук бөлүмү 6-октябрда билдиргендей, жол тосууга 200дөн ашык адам катышып, тосулган жолдун эки тарабында 1200дөй автоунаа токтоп калган. Ал жерден жөө өткөн жүргүнчүлөр болду.

Депутаттардын тарапкерлери 6-октябрда Жалал-Абад облустук администрациясынын алдында митингди улантаарын билдиришти. Ал жерге 5-октябрда эки боз үй тигилген.

3-октябрда Кумтөр кенин улутташтырууга чакырган демонстрациядан кийин "Ата-Журт" фракциясынан депутат Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов эки айга камакка алынды. (YA)

XS
SM
MD
LG