Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:52

Венесуэлада президентти шайлашууда


Венесуэлада бүгүн президентти шайлап жатышат. Мамлекет башчы Уго Чавес бийликтеги 4-мөөнөт үчүн ат салышууда. Ага атаандаш болуп бул ирет Миранда штатынын мурдагы губернатору, 40 жаштагы Энрике Каприлес чыкты. Сурамжылоолор Чавестин жеңиши толук ыктымал экенин көргөзүүдө. Бирок Каприлестин колдоочулары да үмүт үзүшпөйт. Орус, Беларус жана Иран өкмөттөрүнүн шериги Чавес Латин Америкасындагы лидерлердин арасынан эң көп жыл бийликте турган президент. Мурдагы офицер Чавес Венесуэланы социализмге карай алып баратканын айтып келет. Укук коргоочулар болсо президентти сынчыларын куугунтуктап жатышы үчүн сындашууда.

XS
SM
MD
LG