Түркиянын Акжакале шаарындагы буудай сактоочу кампанын жанына жекшембиде Сириядан ок атылгандан кийин Түркиянын артиллериясы Сирия тарапты аткылады. Ошону менен Чек ара аймагында бешинчи күн катары менен аткылашуу жүрдү. 3-октябрда Акжакале шаарын аткылоодо беш киши набыт болгон эле. Сириянын оппозициядагы Адам укуктарын байкоо тобу билдиргендей, Түркиядан атылган ок Тел-Абят шаарынын жанына келип түштү. Түркиянын Анадолу кабар агенттиги бул аймак азыр сириялык козголочулардын көзөмөлүндө экендигин, ал жакты Сириянын өкмөттүк аскерлери да аткылап жаткандыгын билдирген.