Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:22

Ооганстанда эки америкалык аскер набыт болду


Кошмо Штаттарынын армиясы билдиргендей, Ооганстандын чыгышында козголоңчулардын кол салуусунда эки америкалык аскер ажал тапты. Ассошиэйтед Пресс кабар агенттигинин маалыматында, өз атын атабаган америкалык армия өкүлү атайын аскер тобунун эки мүчөсү Вардак дубанында чакан курал менен кол салууда окко учкандыгын бышыктады. Маалыматка ылайык, ошону менен Ооганстанда бүгүнгө чейин курман болгон америкалык аскерлердин саны аз дегенде 257ге жетти. 2001-жылы АКШ баштаган оккупацияда талип бийлиги кулагандан бери Ооганстанда 2000ден ашык америкалык жоокер набыт кеткендиги кабарланган.

XS
SM
MD
LG