АКШ баштаган Ооганстандагы согуштун 11 жылдыгында Талибан АКШ менен НАТО ашынган исламдык талип кыймылы тарабынан жеңилди деп ырастаган билдирүү таркатты. «Шылдың болгон чет элдик күчтөр элдин бетин карай албай Ооганстандан качып жатат» деп айтылат жекшембидеги билдирүүдө. АКШнын Ооганстандагы согушу 2001-жылы 11-сентябрдагы АКШдагы террордук чабуулдардан кийин, 7-октябрда башталган. Анын натыйжасында талиптердин бийлиги кулаган. Чет элдик аскерлер Ооганстандагы аскерлеринин санын 2014-жылдын этегине чейин кескин азайтууну пландашууда. 11-сентябрдагы чабуулдардын уюштуруучусу саналган Осама бин Ладен былтыр Пакистанда өлтүрүлгөн.