Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:23

Ажыга барам деп ажал таптыбы?


Ажылык сапарга аттанчулар милдеттүү түрдө ала турган медициналык эмдөөдөн кийин Кара-Суу районунда бир аял каза таап, анын абышкасы ооруканага жатты. Алардын ден-соолугуна чын эле ошол вакцина таасир эттиби же жокпу, азырынча аныктала элек. Маркумдун туугандары бул иш боюнча бир да укук коргоо органына кайрылган эмес.

Кара-Суу районунун Жийделик айылынын 66 жаштагы тургуну Султанхан Пирдависханов аялы Хабибахан Пирдависханова менен 23-сентбярь күнү медициналык эмдөөдөн өткөн. Ажыга аттанып жаткандарга берилген акысыз дарылоодон бир саат өтпөй, экөө тең өздөрүн жаман сезе баштаганын учурда ооруканада жаткан Султанхан аксакал “Азаттыкка” айтып берди:

- Эмдөө алганыбыздан бери эки жума өттү. Бизге ийнени Кара-Суу районундагы борбордук мечитте беришкен. Айтылган убакыттан жарым саат кечигип барып, ал эмнеге каршы эмдөө экенин билбей калдык. Кызыгып сурабадык деле. Ажылык сапары учурунда суук тийүүгө каршы эмдөө экенин ошол жерге топтолгондор айтышты. Бизди эмдеп жаткан учурда эч кимиси “мурда ооруйт белеңиз?” деп сурап да койгон жок. Дарылоодон мурда биздин кан басымыбызды өлчөп, денсоолугубуз ал вакцинаны кабылдоого даярбы же жокпу, билиш керек болчу.

Султанхан аксакалдын жубайы, 66 жаштагы Хабибахан эне ийне сайдыргандан кийин эле денеси шалдырап калган экен. Бирок дарылаган кишилер бул адаттагы көрүнүш экенин, кээде 2-3 күн ысытма чыгарараанын билдиришкен соң доктурга кайрылышпаганын уулу Абдулазиз Пирдависханов айтты:

- Ата-энем түштөн кийин саат экилерде эмдөө алышкан. Үйгө саат үчтөрдө келишти. Апамдын абалы ошондо эле оор болчу. Биз ажылыкка кетип жаткандар үчүн эмдөө көрсөткөндөргө кайрылсак, эки-үч күн ысытма чыгат дешти. Күттүк, бирок абалы жакшырбады. Анан тез жардам чакырдык. Алар деле жардам бере албады. Апабыз 27-сентбярь күнү кайтыш болду. Ошол эле күнү атамды облустук ооруканага жаткырдык.

Маркумдун жакындары ата-энесинин ден-соолугуна ошол вакцина таасир этти деген ойду карманышууда. Дарылоодон мурда карыялардын абалын текшерүүдөн өткөрбөгөнү үчүн врачтар жооп бериши керек дешкени менен, укук коргоо органдарына арыз жазыша элек:

- Ата-энеме кандай дары берген билбейм. Алар деле жаман максатта дарылашкан жок, бирок эмдөөдөн мурда текшерүүдөн өткөрүп коюшпаганы туура эмес болуптур. Жок дегенде, ийне сайгандан кийин “төмөнкү ооруларга каршы эмделди”,- деген кагаз бергенде деле, ошого карап, убагында дарылатмакпыз. Бирок бул иш боюнча эч кайсыл жака кайрылган жокпуз.Эгер арыздансак, апамдын мүрзөсүн ачып, текшерүү жүргүзүүгө туура келет. Биз апамды дагы бир жолу кыйноону каалабайбыз. Баары Алладан,- деди маркумдун уулу Абдулазиз Пирдависханов.

Ажылыкка аттанып жаткандарга эмдөө жүргүзүү – зыяратчылар Сауд Арабияга барганда сасык тумоо же башка жугуштуу оорулар менен жабыркап калбасын деген максатты көздөөрүн муфтийдин милдетин аткаруучу Рахматуула ажы Эгембердиев “Азаттыкка” билдирди:

- Жер-жерлерге барып, дарыгерлер зыяратка барчулардын баарын дарылашкан. Бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин атайын буйругу бар. Эмдөөлөр атайын лицензия менен ишке ашырылган. Андан сырткары Сауд Арабия падышачылыгынын да ажыга барчулар эмдөөдөн өтүшү зарыл деген талабы бар. Мындай эмдөө жыл сайын болот.

Ош облустук ооруканасынын жетекчисинин орун басары Темиркан Жарматова маркум Хабибахан Пирдависханова мурда бир жолу инсульт болгондугу үчүн эмдөөнү көтөрө албаганын, ал эми Султанхан Пирдависхановдо өпкөнүн пневмония оорусу башталып жаткандыгына байланыштуу дарылоодон соң ден-соолугу начарлаган дегендей божомолун ортого салды:

- Биз ал аксакалдардын кандай вакцина алганын билбейбиз. Аны териштирүү керек. Бирок кандай гана эмдөө албасын, түздөн-түз ал кишинин ооруп калышына, же аялынын мүрт кетишине таасир этти дегенден алыспыз. Себеби ал жерде дагы ондогон кишилер эмдөөдөн өтүшкөн. Султанхан аксакалды текшерүүдөн өткөрүп, ал кишидеги пневмония аныкталгандан соң, ошол вакцина ооруну козгоп койгон болушу мүмкүн деген ойго келдик.

Учурда Султанхан Пирдависхановдун абалы жакшы. Ушул күндөрү үйгө кетүүгө камданууда. Ажылыкка баруу үчүн төлөгөн беш миң доллар жана 2 миң сом акчасын башка бир тааныштарына бергенин, өздөрүнүн ордуна ошол жакындары ажылыкка кетишкенин айтты.

Бул иштин чоо-жайын укук коргоочу Азиза Абдирасулова иликтөөгө киришкенин кабарлады. Укук коргоочу ушуга окшош окуя Ош облусунун башка аймактарында да катталганын, ал териштирүү иштери аяктаган соң маалымат берээрин билдирди.
XS
SM
MD
LG