Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:07

Түркиянын президенти Сирия боюнча чара көрүүгө чакырды


Абдулла Гүл ансыз Түркия өз чек араларын коргоо үчүн бардыгына даяр экендигин мындайча бышыктады:

- Азыр Сирияда эң тетири сценарий орун алууда, андан Сириянын эли катуу азап чегип жатат. Кырдаал кээде бизге да залака тийгизүүдө. Биз айрым жарандарыбыздан айрылып калдык. Биздин өкмөт армия менен такай байланышта. Зарыл чаралар дароо көрүлүп жатканын өзүңөр көрдүңөр. Мындан ары да биз карап отурбайбыз.

Гүл сүйлөп жатканда Түркиянын армиясы Сирия тараптан атылган окко жооп катары, коңшу өлкөнүн аймагын алтынчы күн катары менен аткылагандыгы кабарланды.

XS
SM
MD
LG