Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:19

Кытайда жапон автомобилдеринен баш тартышууда


Кытайда жапондордун Toyota жана Honda маркасындагы автомобилдерин сатып алуу былтыр сентябрдан бери 50 процентке жакын азайды. Кытайлык кардарлардын жапон автомобилдеринен көңүлү калуусуна Жапониянын өткөн айда Чыгыш Кытай деңизиндеги тырнактай аралдарды улутташтыруусу түрткү берди. Бир кылымдан ашык убактан бери жапондорго таандык Сенкаку же кытайлар Дяоюйдао деген аралдарды Бээжин да эзелтен биздики болгон деп, ээ чыгууда. Бул жапондук ишкана-мекемелерге кол салуулар жана жапон товарларын сатып албайбыз деген үндөөлөр менен коштолуп, кытайлар бир шаарда Toyota жана Hondaнын кеңселери өрттөп салышкан. Андан улам эки компания Кытайдагы автомобиль жасоочу заводдорун убактынча жапкан.

XS
SM
MD
LG