Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:56

Түндүк Корея ракеталары АКШга жетерин жарыя кылды


Пхеняндын өкмөттүк агенттигинин 9-октябрда Улуттук коргонуу комиссиясынын өкүлүнө шилтеп маалымдашынча, Түндүк Кореянын баллистикалык ракеталары Түштүк Кореяга, Жапонияга, Гуамга жана АКШнын өзүнө сокку ура алат. Тынч океандын батышындагы Гуам аралында Кошмо Штаттардын ири аскердик базасы жайгашкан.

Түштүк Корея жекшемби күнү союздашы АКШ менен кол коюлган келишимге ылайык, анын баллистикалык ракеталары 300 чакырымдан 800 чакырымга чейинки буталарды жок кыла аларын билдирген. Бул Түштүк Кореянын ракеталары Түндүк Кореянын ар кайсы бөлүгүнө сокку ура алат дегенди түшүндүрөт.

Түндүк Корея узак аралыкка жетчү ракеталарды ийгиликтүү сынаганы жөнүндө маалымат жок. Апрелде ракетасы белгиленген траекторияга жетпей жерге кулап түшкөн.

XS
SM
MD
LG