Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:35

Бишкекте Кара жыгач токоюн коргоо акциясы өттү


Бүгүн жаштар уюмдарынын өкүлдөрү жана Бишкек четиндеги айрым конуштардын тургундары Кара жыгач токоюн коргоо боюнча нааразылык акциясына чыгышты. Иш чаранын уюштуруучусу, “Эркин эл” саясий партиясынын төрагасы Мавлян Аскербековдун “Азаттыкка” билдиришинче, чогулгандар токойдун жанындагы Осмонкул атындагы көчөнү убактылуу тосуп, кайра ачышты. Алар токойдо тал-теректер кыйылып, анын ордуна турак-жай салынып жатат деп билдиришүүдө. Бул боюнча Бишкек шаар мэриясы түшүндүрмө бере элек. (KKs)

XS
SM
MD
LG