Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:36

Ташиев омбудсмен аркылуу президентке кайрылууда


Камактагы депутат Камчыбек Ташиев акыйкатчы Турсунбек Акун аркылуу президентке кайрылууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” депутат менен жолугуп чыккан Турсунбек Акун өзү билдирди. Анын айтымында, Камчыбек Ташиев өлкөнүн туруктуулугу үчүн баш коргоо чарасынын өзгөртүлүшүн каалайт. Мындан улам Ташиев Акундан бул ниетин өлкө жетекчилигине жеткирүүсүн өтүнгөн. Өз кезегинде Акун бул маселе мыйзам жолу менен чечилиши зарылдыгын белгилеген.

Маалыматка ылайык, акыйкатчы 3-октябрдагы митингдин алып баруучусу болгон Кубатбек Кожоналиев менен да жолугуп чыккан. Кожоналиев өзүнө коюлган айыптарды четке кагууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG