Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:13

Меркел Грекияга жардам улантылаарын убада кылды


Германия канцлери бул тууралуу Афиныда он миңдеген адамдар көчөгө чыгып, нааразылык акциялардын өтүшүнө алып келген Грекияга барган сапары учурунда билдирди.

Өлкөнүн премьер-министри Антонис Самарас менен жолукккан учурда Меркел айым Грекия өкмөтү бюджеттеги таңкыстыкты азайтууда белгилүү бир ийгиликке жете алганын, бирок дагы салыктын топтомун көбөйтүп, чыгымдарды азайтууга мүмкүнчүлүк бар экенин кошумчалады.

Германия канцлери Грек бийликтери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканда Афиныда эң чоң антиөкмөттүк демонстрация өтүп, он миңдеген адамдар көчөгө чыкты.

Афинанын ортосунда таш ыргытып, Молотов коктейлин жардырган демонстранттарды тынчытуу үчүн полиция көздөн жаш агызчу газ колдонду. Тополоң чыгып кетпеси үчүн Афинада 7 миңдей полициячы күзөткө чыкты.

Көпчүлүк гректер Ангела Меркелди Европа Биримдиги менен Валюта корунан чукул жардамын алуу үчүн социалдык каржылоону кескин кыскартууну талап кылган планды кабыл алууга мажбурлаган деп күнөөлөшөт.

XS
SM
MD
LG