Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:33

11-октябрда жаан-чачын болбойт


Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиришинче, 11-октябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +4...+9, түндүк бөлүгүндө 0...+5, күндүз +22...+27 градус,
Талас облусунда түнкүсүн +2...+3, күндүз +21…+26,
Баткенде түнкүсүн +3...+8, күндүз +21…+26 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +5...+10, күндүз +22…+27,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0...+5, чыгыш тарабында -3...+2, күндүз +12…+17,
Нарында түнкүсүн -4...+1, күндүз +16...+21,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз +14…+19,
Тоолордо түнкүсүн -7…-12, ал эми күндүз 0...+5 болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +7…+9, күндүз +25…+27 градус болот. (KЕ)

XS
SM
MD
LG