Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:43

Түркияда сириялык жүргүнчү учак конууга мажбурланды


Түркиялык Ф-16 согуш учактары өлкөнүн аба мейкиндигине кирип келген сириялык жүргүнчү учакты Анкарада конууга мажбурлашты. Түркиянын мамлекеттик ТРТ сыналгы каналы билдиргендей, учакта Сирия өкмөтүнө багышталган оор техника бар деп шектелүүдө. Сириянын Эа Бус Эй 320 (Airbus A320) учагы Москвадан келаткан. Орусиянын Интерфакс агенттиги аталган учак Москвадан учуп чыкканын, ичинде 35 жүргүнчү бар экендигин бышыктады. Анын аралыгында, Түркиянын мамлекеттик сыналгысы Сириядан келаткан жүргүнчү каттамдарына түрк өкмөтү тыюу салгандыгын кабарлады.

XS
SM
MD
LG