Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:21

АКШ: Конгресс Ливиядагы элчиликке кол салууну талкуулады


АКШнын Конгрессинин комиссиясы 11-сентябрда Ливияда мусулмандардын АКШнын дипломатиялык мекемесине кол салуусунун чоо жайын талкуулады. Бенгазидеги консулдукка кол салуудан элчи Кристофер Стивенс жана америкалык үч жаран өлтүрүлгөн эле.

Комиссияда сөз сүйлөгөн аскер кызматкерлеринин бири Бенгазидеги консулдуктун коопсуздугуна ойдогудай көңүл бурулган эмес деп билдирип чыкты. Бирок Ак үйдүн өкүлдөрү кайтарууда маселе болгон эмес деп ишендирип жатышат.

Бенгазидеги консулдукка кол салуу АКЩдагы президенттик шайлоонун үгүт өнөктүгүнө таасирин тийгизди. Бул окуя АКШ президенти Барак Обаманын атаандашы республикачы Мит Ромниге Ак үйдү тышкы саясаттагы кемчиликтери жана четтеги америкалык жарандардын коопсуздугун ойдогудай камсыз кылбайт деп сындашына негиз түзүп берди.(BkA)

XS
SM
MD
LG